Кыргызстанга чет мамлекеттерден жарандарды жеткирүү уланууда

Кыргызстанга чет мамлекеттерден жарандарды жеткирүү уланууда. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Москва-Бишкек каттамы менен 431 адам келди. Арасында кош бойлуу, балалуу келиндер, улгайган адамдар жана ооругандар бар.

 

Тартипке ылайык, алар обсервацияга алынды. Белгилеп кетсем, өткөн жумада Москва-Бишкек, Москва-Ош каттамдары менен өлкөгө 1 миңге жакын адам жеткирилген.