Бишкектин айрым аймагында жарык өчүрүлдү.
“Түндүк электрдин” маалыматына ылайык, бүгүн кечки саат 6га чейин
Садыгалиев, Садырбаев, Элебесов, Енисей, Фирсов, Новостроевский,
Памирский, Арал көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Ынтымак, Ала-Арча,
Арча-Бешик, Рухий Мурас жана Ак-Босого конуштарында жарык жок болот.
Убактылуу чектөөлөр турак жайлар ичиндеги түйүндөрдү оңдоо,
зым тартуу иштерине байланыштуу.