Билим берүү министрлиги Кыргызстандын эң мыкты мектептерин тандайт.
Ведомство жетекчисининин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында,
бул үчүн атайын жумушчу топ түзүлдү. Ал окутуу, билим берүү кызматтарын
өнүктүрүү, заманбап окуу-методикалык комплекстерин түзүү жана пайдалануу
тажрыйбасын, ийгиликтерин көрсөтүп бере турган мектептердин
өтүнмөлөрүн карап чыгат.