Жалал-Абад шаарында жеке менчик бала бакчалардын иштөөсүнө уруксат берилди

Жалал-Абад шаарында жеке менчик бала бакчалардын иштөөсүнө уруксат берилди.

Аларды ачуу чечимин шаардык штаб кабыл алды, — дешти калаа мэриясынан.

Маалыматка ылайык, бала бакчаларда санитардык эрежелер так сакталып,

бир тайпада балдардын саны 12ден ашпашы керек. Вирустун жайылышын алдын алуу максатында

балдардын санына чектөө киргизилет. Ал эми муниципалдык мектепке чейинки даярдоо

мекемелерин кийинки жумадан тартып ачуу пландалууда.