Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык автобустарда жол кире акысын көтөрүү сунушталды.
Калаа мэриясынан билдиришкендей, 5 сомдон 8 сомго көтөрүү сунушталып жатат.
Мындай чара күйүүчү майдын жана тетиктердин баасы жогорулап, автобустар
өз чыгымдарын да жаба албай калганына байланыштуу.
Аталган сунуш шаардык кеңештин депутаттарына жөнөтүлдү.