Кыргызстанда дээрлик 72 миң адам коронавируска каршы вакцина алды

Кыргызстанда дээрлик 72 миң адам коронавируска каршы вакцина алды.

Ал эми экинчи дозаны алгандардын саны 22,5 миңге жетти, — деп билдиришти республикалык штабдан.

Маалыматка караганда, эмдөөдөн өткөндөрдүн көбү Бишкекке, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарына туура келет.

Белгилеп кетсек, өлкөдө вакцинация кампаниясы кытайлык жана россиялык препарат менен жүрүп жатат.

Эмдөө 28 күн аралык менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.