Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн саат 15:53тө катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.
Жер титирөө Кетмен-Төбө шаарчасында, Бор-Дөбө, Көк-Бел айылдарында 2 баллга чейин сезилген.
Андан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.