Аламүдүндө жол кырсыгынан бир адам каза болду

Аламүдүндө жол кырсыгынан бир адам каза болду.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 21-май күнү саат 04:45 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт

айланма унаа жолунун 12-чакырымында “ВАЗ-(Lada) 2109” үлгүсүндөгү унаанын

айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып бетон тосмону сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен унаанын 61 жаштагы айдоочусу каза болгон.

Жерине ӨКМнин куткаруучулары тартылып, маркумдун сөөгүн

унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.