Ала-Бука-Жаңы-Базар – Кировка жолу таштардан тазаланып, кыймылга ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чаткал районундагы трассанын 21-чакырымына 17-майда көлөмү 1 миң 800 куб таш кулап, жол буулуп калган.
Жабыркагандар болгон жок. Жеринде жол кыймылын тейлөө мекемелери иштеп, жол учурда толугу менен ачылды.