Бүгүн Кыргызстанга Касым-Жомарт Токаев расмий сапар менен келет

Бүгүн, 26-майда Казастандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Расмий маалыматка ылайык, анын жүрүшүндө Бишкекте президент Садыр Жапаров баштаган өлкө жетекчилери менен жолугушуулар өтөт.

 

“Өлкө лидерлери тар жана кеңири курамда эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү жолго коюунун жана өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат. Мындан тышкары, эки тараптуу мүнөздөгү бир катар документтерге кол коюлат”, деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Токаев 27-майда Евразиялык экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышат.

Бишкектеги жыйын видеоконференция форматында өтөт. Өткөн аптада ага Орусиянын президенти Владимир Путин баштаган бир катар өлкөлөрдүн башчылары келбей калганы белгилүү болгон.

Жогорку Евразия экономикалык кеңештин (ЕЭК) коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович саммиттин күн тартибинде 14 маселе бар экенин айткан.

2021-жылы бул уюмга Казакстан төрагалык кылып, анын жыйынтыктоочу жыйыны онлайн өткөн. Кеңешке төрагалык кылууну былтыр жыл аягында Кыргызстан өткөрүп алган.

Беларус, Казакстан, Орусия 2010-жылы Бажы биримдиги катары түзгөн ЕАЭБге Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган.