Жалал-Абаддын борбордук бөлүгүндө кыймылга чектөөлөр киргизилет

Жалал-Абаддын борбордук бөлүгүндө кыймылга чектөөлөр киргизилет.

 

Өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүүнүн алкагында Ленин жана Эркиндик көчөлөрү бүгүн жана 30-августта таңкы саат 6дан кечки 8ге чейин тосулат.

 

31-августта шаардын аянтында майрамдык парад өтөт. Бул күнү коомдук коопсуздукту дээрлик 1 миң милиция кызматкери камсыздайт.