Бишкектеги башаламандыктан 190 милиция кызматкери жабыркады. Алты тартип сакчы учурда жандандыруу бөлүмүндө. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ордо калаадагы баш аламандыктан 4 атайын унаа өрттөлгөн жана 6 машине талкаланды. Эске салсак, жалпысынан түндө митингге катышкан 590 адам жараат алды. Алардын 150сү ооруканага жаткырылды. Бир адам каза тапты.