Быйыл абитуриенттердин 60 пайызы ЖРТнын босого баллынан өттү

Быйыл абитуриенттердин 60 пайызы ЖРТнын босого баллынан өттү.

Билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүров билдиргендей,

тестирлөөгө жалпысынан 44 миң 416 бүтүрүүчу катышты. Орточо балл 120ны түздү.

110 баллдан жогору 25 миң 284 абитруиент алса, 105 баллдан жогорку көрсөткүчкө

28 миң 143 бүтүрүүчү ээ болду. Жогорку окуу жайга бюджеттик негизде окугусу

келгендердин негизги тести 110, ал эми предметтик 60 балдан жогору болушу шарт.

Ал эми контрактык негизде тапшырууну каалагандардыкы 105 балл деп орнотулду.

Белгилеп кетсек, ЖРТнын жыйынтыгы медициналык жана

фармацевтикалык адистиктерге талап кылынбайт.