Мектептерге онлайн кабыл алуу уланууда. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, бул жылы системага Бишкектен тышкары, Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Кара-Балта жана Токмок шаарлары кошулду.
Биринчи класска балдары бара турган ата-энелер mektep.edu.gov.kg сайтында каттоодон өтүшү керек. Андагы бардык зарыл документтерди тиркеп, кезектин жылышына сөзсүз көз салып тууруу сунушталат.