Төмөнкү Ала-Арча айылындагы “Унаа” мамлекеттик ишканасы кадимки режимде иштеп жатат

Төмөнкү Ала-Арча айылындагы “Унаа” мамлекеттик ишканасы кадимки режимде иштеп жатат. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, документтерди каттоо жана тапшыруу өз нугунда жүрүп жатат.

 

Эске салсак,  13-14-жана 15-майда электр өткөрүү линияларын оңдоо иштери жүргүзүлгөнүнө байланыштуу, ишкананын аталган бөлүмү жабылган болчу.