Бишкектеги 11-12 жана Асанбай кичи райондорунда видеокамералар орнотулат.
Иштер Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата аткарыла турганын
Октябрь районунун акими Азамат Дороев билдирди. Ошондой эле жыл аягына чейин
4-кичи райондун аймагына да видео көзөмөл орнотуу пландалууда. Эске салсак,
2019-жылы 6-кичи районго 80ден ашык видеокамера орнотулган болчу.