Жергиликтүү кеңештерди шайлоодо 2 миң 273 шайлоо тилкеси ачык болот

Жергиликтүү кеңештерди шайлоодо 2 миң 273 шайлоо тилкеси ачык болот.

Бул тууралуу novosti.kgге БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, бардык участкаларга добуш берүүчүлөрдүн алдын ала тизмелери илинди.

Жарандар тизмеден өздөрүн текшерип жана аларга өзгөртүүлөрдү 27-мартка чейин киргизе алат.

Шайлоочулардын аты жөнүнүн акыркы тизмеси 1-апрелге чейин жарыяланат.

Эске салсак, 448 жергиликтүү кеңештерди шайлоо 11-апрелде өтөт.