Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоого 590 миллион сомдон ашык жумшалат

Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоого 590 миллион сомдон ашык жумшалат. Шайлоо сметасы тууралуу кененирээк БШК төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров айтып берет.

 

592 миллион каралды. Көпчүлүк чыгымдар комиссия мүчөлөрүнүн сый акысы. Себеби бизде 30 миңге жакын шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бар. Ошон үчүн чыгымдардын көбү сый акы болот. Андан кийин шайлоону уюштурууда, өткөрүүдө дагы чыгымдар бар. Ал дагы чоң көрсөткүчтү түзөт – 250 миллиондой. Эң негизги чыгымдар ошолор

 

Эске салсак, Жогорку Кеңеш депутаттарын шайло 28-ноябрга белгиленди. Добуш берүү процесси бул ирет аралаш система менен өтөт.