Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоого келе турган эл аралык байкоочулардын саны 435ке жетти

Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоого келе турган эл аралык байкоочулардын саны 435ке жетти.

 

Бул тууралуу БШКнын отурумунда айтылды. Маалыматка ылайык, парламент депутаттарына добуш берүү процессине 12 шайлоо органдарынын өкүлдөрү, 62 мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана 14 эл аралык уюм көз салат.

 

Эске салсак, парламенттик шайлоо 28-ноябрда, кийинки жекшембиде өтөт. Бул ирет добуш берүү аралаш система менен уюштурулат.