Кыргызстанда кийинки жылы автобустар чыгарылат. КамАз россиялык ишканасы менен Бишкекте өткөн кыргыз-татар бизнес форумунун алкагында макулдашуу жетишилди.
Маалым болгондой, өндүрүш 2022-жылы Токмокто ачылат. Автобустар газ менен жүрөт. Экономисттер ишканада күнүнө эки автобус чыгат деп болжолдошууда.