Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Баш калаанын транспорт башкармалыгынын башчысы Нурлан Атыкановду кызматтан бошотуу тууралуу буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев бүгүн, 10-декабрда кол койгон. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Атыканов ээлеген кызматынан өз арызынын негизинде бошотулган.

Басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Түлөбаевдин ушундай эле буйругу менен бүгүн, 10-декабрда шаардагы троллейбус башкармалыгынын башчысы Артур Өмүрзаков да кызматынан кетти. Ал да кызматтан өз каалоосу менен кеткени кабарланды.

Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кызматкерлер шаар жетекчилиги менен кеңешпей туруп, шаардык транспорттун жол киреси кымбаттай турганын билдиришкени үчүн иштен алынышканын билдирүүдө. Түлөбаев белгилегендей, шаардын жетекчилиги жол кирени көтөрүү маселесин козгогон эмес. Анын айтымында, муниципалдык автобус-троллейбустардагы жол кирени атайын төлөм карточкалары аркылуу төлөө системасына толук өткөрүүнүн жолдору караштырылып жатат.

Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Нурлан Атыканов менен троллейбус башкармалыгынын жетекчиси Артур Өмүрзаков 9-декабрдагы басма сөз жыйынында мэрия муниципалдык автоунааларда накталай акча төлөөчүлөр үчүн жол кирени кымбаттатууну караштырып жатканын айтышкан.

Жол кирени электрондук түрдө карточка аркылуу төлөөчү «Тулпар» системасы Бишкек шаарында быйыл 1-марттан тартып ишке киргизилге