Ысык-Көлдүн туристтик милициясы белекке катер алды

Ысык-Көлдүн туристтик милициясы белекке катер алды. Аймактын ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, суу транспортун Караколдук жеке ишкер тапшырды.

 

Катердин жардамы менен тартип сакчылардын иши натыйжалуу болорун ведомство белгилейт. Алсак, браконьерлерге каршы күрөшүүдө жана жайкысын туристтердин коопсуздугун камсыздоодо анын жардамы чоң болот.