Баткенде элдин күчү менен курулган канал ишке берилди

Баткен облусунун Кадамжай район аймагындагы Ак-Гоорум каналынын курулушу аяктап, текшерип-сыноо үчүн суу берилди.

 

Аталган суу каналынын курулушу өткөн жылы Исфайрам дарыясынан Майдан айылына таза суу жана сугат суу тартып келүү боюнча жергиликтүү эл демилге көтөрүп, иш башталган болчу. Элдин «Ашар» демилгесин аймактагы тоо-кен ишканасынын социалдык пакети жана «Ассалам» кайрымдуулук фонду колдоого алган.

Жалпы узундугу жети жарым чакырым болгон канал курулуп, 300 гектар жерге сугат суу жана 330 кожолукка таза суу жеткирилди. Суу маселесин чечиш үчүн жалпысынан 12,8 млн. сом жумшалды.

 

Жергиликтүү эл курулушка акысыз иштеп, ишке тартылган эки оор техниканын айдоочусун эмгек акы менен камсыз кылышты.