Кыргызстанда 7-класстан 11-класска чейинки окуучулар азырынча аралыктан билим алышат.
Премьер-министр Кубатбек Боронов билдиргендей, мектептерде сабактардын өтүшү
республикалык штабда каралды. Ага ылайык, билим берүү жана саламаттыкты сактоо
министрликтери тиешелүү окуу эрежелерин иштеп чыкты. Белгилеп кетсек, өлкө боюнча
2-класстан 6-класска чейинки окуучулар 6-октябрдан тартып салттуу негизде билим ала башташат.
Ошондой эле буга чейин мектепте окуп жаткан 1-класстын окуучулары кадимки режимде сабактарын улантышат