Бүгүнкү күндө Бишкекте 11 мектеп онлайн форматында иштеп жатат

Бүгүнкү күндө Бишкекте 11 мектеп онлайн форматында иштеп жатат.

Бул тууралуу  novosti.kgге шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришти.

Окуучуларды аралыктан окутуу чечими аталган мектептерде ковидге кабылгандар

чыкканына байланыштуу. Билим берүү мекемелеринде кырдаалга карата мониторинг жүргүзүлөт.

Андан кийин, жыйынтыкка жараша ачылууга уруксаат берилет.

Белгилеп кетсек, ордо калаада жалпысынан 97 мектеп бар.