112 баатыр эне айына 3000 сомдон жөлөкпул алат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстанда пенсиялык камсыздандырууга укугу жок 112 баатыр эне ай сайын үч миң сомдон социалдык жөлөк пул алышарын билдирди. Кыргызстандын пенсия мыйзамына ылайык, мурда иштебеген, эмгек стажы жок адамдарга 1200 сом өлчөмүндө социалдык жөлөк пул берилет.

Жогорку Кеңеш баатыр энелерге берилген жөлөк пулдун өлчөмүн көбөйтүүнү караган токтом долбоорун даярдаган. Мурдараак депутат Камила Талиева көп балалуу энелерге пенсиясына кошумча беш миң сомдон төлөөнү сунуштаган. Анын айтымында, учурда миң сомдон гана берилет.

Кыргызстанда жети жана андан көп балалуу энелерге “Баатыр эне” наамы ыйгарылат. 1992-жылдан бүгүнкү күнгө чейин “Баатыр эне” орденин алгандардын саны 40 миңге жакындады. Алардын арасында пенсия алууга укугу жок болгондуктан социалдык жөлөк пул гана алгандар бар. (