VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Кыргызстанда өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов билдирди.
Ал белгилегендей, бул маселе учурда талкууланып жатат. Эске салсак, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – бул Кыргызстандын эл аралык денгээлдеги эң ири долбоору.
Ал алгач биздин өлкөдө гана өтүп, кийин башка мамлекеттерге өткөрүп берүү чечими кабыл алынган. 2022-жылы Түркияда өтсө, 2024-жылы Казакстанда өтөт.