Коронавирус учак же тик учак аркылуу чачылып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт

Коронавирус учак же тик учак аркылуу чачылып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык,

күндүн ультракызгылт нуру вирусту тез жана  эффективдүү жок кылат, бул COVID тышкы

чөйрөдө туруктуу сакталбай турганын түшүндүрөт. Коронавирус абадагы тамчылар

аркылуу жугат, алсак жөтөлгөндө, чүчкүргөндө же сүйлөшкөндө. Инфекция жуккан

жерди кармап андан кийин көздү, оозду же мурунду кармаганда жугушу мүмкүн.