«Унаа» мамлекеттик ишканасынын карантинге жабылган бөлүмдөрү бүгүнтөн тартып кайрадан иштеп баштайт

«Унаа» мамлекеттик ишканасынын карантинге жабылган бөлүмдөрү бүгүнтөн тартып кайрадан иштеп баштайт.

Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Унааны каттоо боюнча мамлекеттик

кызмат көрсөтүүнүн убактылуу токтотулушу жарандардын жана юридикалык жактардын

техникага ээлик кылуу жана пайдалануу укугу катталган ишеним каттардын мөөнөтүнүн

аякташына алып келди. Эске салсак, «Унаа» ишканасынын

бир катар бөлүмү 6-июлдан тартып убактылуу жабылган болчу.