Ош облусунда текстиль материалдары жана трикотаж кездемелери чыгарыла баштайт. Инвестиция боюнча улуттук агенттиктин маалыматына караганда, объект Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында жайгашкан.
Учурда фабриканын курулушунун биринчи этабы аяктап, долбоордун экинчи этабы ишке ашырылууда.
Ишкана ачылса, облуста 600дөн кем эмес жумуш орун түзүлөрү белгиленди.