Кыргызстан калкы үчүн электр энергиясынын тарифтери көтөрүлбөйт

Кыргызстан калкы үчүн электр энергиясынын тарифтери көтөрүлбөйт. Буга “Улуттук энергохолдингдин” жетекчиси Айтмамат Назаров ишендируүдө. Ал белгилегендей, жарык үчүн тариф акыркы жолу 2014-жылы өзгөргөн.   Андан бери ошол бойдон сакталып келе жатат. Эгер өкмөт тарифти өзгөртүүнү чечсе “Улуттук энергохолдинг” аны аткарууга милдеттүү, — деди Назаров. Бүгүнкү… Кененирээк…

Бишкек мэриясында жаштар менен иш алып баруучу жаңы башкармалыгы түзүлөт

Бишкек мэриясында жаштар менен иш алып баруучу жаңы башкармалыгы түзүлөт. Бул тууралуу вице-мэр Татьяна Кузнецова билдирди. Анын айтымында, жаштар жана балдар суроолорун чечүүгө багытталган орган түзүү демилгеси шаардык кеңешке таандык.   Бул максатта 8 миллион сом талап кылынат, — деди чиновник. Алдын-ала маалымат боюнча, башкармалык… Кененирээк…

Кыргызстандыктарга электр энергиясын үнөмдөө сунушталды

Кыргызстандыктарга электр энергиясын үнөмдөө сунушталды. “Электр станциялары” компаниясынын маалыматына ылайык, Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу, кыйла аз болууда.   Бүгүнкү күндө өлкөнүн башкы резервуарында 16 миллиард 400 миллион кубометр суу бар. Нымдуулуктун чыгашасы келген суунун көлөмүнөн 3 эсе көп болууда. Ал эми энергетиктер… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунда жүк ташуучу унаа өрттөнүп, эки адам каза тапты

Ысык-Көл облусунда жүк ташуучу унаа өрттөнүп, эки адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Өрнөк айылында эки жүк ташуучу унаа кагылышты. Соккудан биринин кабинасында өрт чыкты.   Андагы айдоочу жана бир жүргүнчү ошол жерден жан берди. Дагы эки адам… Кененирээк…

Калкты каттоого ала турган операторлор талап кылынууда

Калкты каттоого ала турган операторлор талап кылынууда. Улуттук статистика комитети элди жана турак жай фондун каттоо иш-чарасына убактылуу кызматкерлерди издеп жатат. Ведомствонун маалыматына караганда, талапкердин жашы 18ден жогору болушу керек.   Алардын, Android 5 системасында башкарылган уюлдук телефону болушу шарт. Каттоочулар  1 айга, инструктор-көзөмөлдөөчүлөр  1,5… Кененирээк…

Биринчи класска балдар электрондук кезек аркылуу гана кабыл алынат

Биринчи класска балдар электрондук кезек аркылуу гана кабыл алынат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, жазылуу 15-февралда ачылат. Учурда адистер сыноо режими маалында кетирилген катачылыктардын бардыгын жоюу аракетин көрүүдө.   Программада эң көп адам факторунан каталар кетип жатты. Алсак, ата-энелердин көбү документтерди туура эмес толтурушкан, ал… Кененирээк…

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кыргызстандыктар үчүн бош вакансиялар жарыяланган сайт бар экенин эскертет

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кыргызстандыктар үчүн бош вакансиялар жарыяланган сайт бар экенин эскертет. Ведомстводон билдиришкендей, өткөн жылы “Занятость” порталы ачылган.   Анда мамлекеттик, жеке жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү боюнча маалымат камтылат. Вакансияларды карап чыгуу үчүн “Бош жумуш орундарынын банкы” бөлүмүндөгү “Талап кылынат” деген жаңылыктар лентасына… Кененирээк…

Президент аппаратында кадрдык орун алмашуулар

Президент аппаратында кадрдык орун алмашуулар. Кыргызстандын президентинин маалымат кызматынын жетекчиси болуп Наргиза Мансурова дайындалды. Мамлекет башчынын жарлыгына ылайык, маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы жана маалымат катчысы кызматтары экиге бөлүндү.   Буга чейин Толгонай Стамалиева президенттин маалымат кызматынын жетекчиси болчу. Эми ал маалымат катчы катары иштейт. Назгүл Ташпаева президент… Кененирээк…

Бишкектин көчөлөрүдө муз тоңот

Бишкектин көчөлөрүдө муз тоңот. Тайгак трассаларда кырсыктарды алдын алуу максатында жол инспекторлору айдоочуларга коопсуздук чараларын эскертет. Биринчиден, ылдамдыкты жогорулатпай, акырын жүрүү керек.   Экинчиден, дөңгөлөктөр сөзсүз түрдө кышкыга алмаштырылган болушу кажет. Ал эми кайрылыштарда кооптуу аракеттерди жасабай, жол эрежелерин сактоо сунушталат.

Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашууга тиешелүү тилкесинде абал туруктуу

Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашууга тиешелүү тилкесинде абал туруктуу. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, кызматтар ыкчам түрдө трассаны кардан тазалап, инерттүү материалдарды сээп жатат.   Транспорт агымына жол инспекторлору көз салып, тыгындарды алдын алууда.