Бишкек мэриясында жаштар менен иш алып баруучу жаңы башкармалыгы түзүлөт. Бул тууралуу вице-мэр Татьяна Кузнецова билдирди. Анын айтымында, жаштар жана балдар суроолорун чечүүгө багытталган орган түзүү демилгеси шаардык кеңешке таандык.
Бул максатта 8 миллион сом талап кылынат, — деди чиновник. Алдын-ала маалымат боюнча, башкармалык жаштар саясаты боюнча иш алып барат.