Бишкектеги окуучунун энеси менен мугалимдин ортосундагы чыр боюнча иш Ленин райондук сотуна өттү

Бишкектеги окуучунун энеси менен мугалимдин ортосундагы чыр боюнча иш Ленин райондук сотуна өттү. Буга чейин мектеп-гимназиянын окуучусунун энеси менен мугалимдин ортосунда чатак чыккан. Педагогдун айтымында, окуучу кабинеттен чыгууга суранганда мугалим аны алагды кылып жаткандыгын айтып, сабактын аягына чейин күтүп турууну айткан. Андан кийин кыздын энеси… Кененирээк…

Лос-Анджелес соту ит ээлерин алардын үрүшүн көзөмөлдөөгө милдеттендирди

Лос-Анджелес соту ит ээлерин алардын үрүшүн көзөмөлдөөгө милдеттендирди. Мындан ары иттер тынымсыз 10 мүнөттөн ашык үрбөш керек. Эгер белгиленген чектен ашып кетсе үй жандыктарынын ээлери 1 миң доллар айып төлөшөт. Соттун чечимине ылайык, аталган мыйзам шаар тургундарына жана конокторуна дагы тиешелүү.

Кыргызстандын окуучулары эл аралык олимпиадада 7 медаль жеңишти

Кыргызстандын окуучулары эл аралык олимпиадада 7 медаль жеңишти. Кыргызстандын командасы 28 окуучудан түзүлдү. Мелдеш Казакстандын Алматы шаарында математика, информатика жана физика сабактары боюнча өттү. Аталган олимпиадага 20 өлкөдөн 500дөн ашык окуучу катышты. Бул олимпиада 2005-жылдан тартып 15 өлкө арасында өтүп келет.

Былтыр Мамлекеттик салык кызматы төлөмдөрдөн 84 миллиард сом чогултту

Былтыр Мамлекеттик салык кызматы төлөмдөрдөн 84 миллиард сом чогултту. Белгиленген план 100 пайызга же 11 миллион сомго ашыгы менен аткарылганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка караганда, салыктын кээ бир түрлөрү боюнча план ашыгы менен аткарылган. Алсак, алтын өндүрүүчү компаниялардын кирешелерине, бирдиктүү, жер, кыймылсыз жана… Кененирээк…

Чек арадагы абалды турукташтыруу максатында өткөн жыйында 6 протоколго кол коюлду

Чек арадагы абалды турукташтыруу максатында өткөн жыйында 6 протоколго кол коюлду. Аларга 15-февралга чейин 114 чакырым чек ара аймагын аныктоо, Баткен районунун жана Исфана шаарынын ортосундагы «Самаркандек» жана «Көк-Таш» тилкелеринин ортосундагы жерлерди тактоо кирди. Ошондой эле жерлерди алмашуу боюнча макулдашылган сунуштарды 1-мартка чейин иштеп чыгуу… Кененирээк…

Кыргызстандын 8 жараны Самара — Оренбург унаа жолунда кырсыкка кабылды

Кыргызстандын 8 жараны Самара — Оренбург унаа жолунда кырсыкка кабылды. Кырсык кечээ М-5 «Урал» трассасынын 181-чакырымында болду. Анда үч унаа кагышкан. Полициянын маалыматы боюнча, биринчи жүк ташуучу унаанын айдоочусу каршы тилкеге чыгып, минивэн менен кагышкан. Окуянын кесепетинен экинчи жүк ташуучу унаанын айдоочусу менен жеңил унаадагы… Кененирээк…

Швейцарияда эң мыкты кинотеатр ачылды

Швейцарияда эң мыкты кинотеатр ачылды. Анын көрүү залында 11 эки орундуу, жумшак жаздыктары менен керебет орнотулду. Шейшептер ар бир сеанстан кийин алмаштырылат.   Ар бир кардарга кире бериште жумшак тапичкелер тапшырылат. Мындай кинотеатрга барам дегендер 50 долларын камдап барышы керек. Аларга суусундуктар акысыз сунушталат.

Улуттук статистика комитети калкты жана турак-жай фондун каттоого даярданууда

Улуттук статистика комитети калкты жана турак-жай фондун каттоого даярданууда. Ведомство эскертет – жарандарды каттоого алуу 23-марттан 1-апрелге чейин өтөт. Бул жолку процедуранын өзгөчөлүгү анын электрондук форматта өтүшүндө.   Операторлордун телефонуна атайын тиркеме жүктөлөт. Ал убакытты үнөмдөп, маалыматты тез арада иштеп чыгууга жардам берет.

Бишкекте үчүнчү балдар ооруканасы штаттык режимде иштеп жатат

Бишкекте үчүнчү балдар ооруканасы штаттык режимде иштеп жатат. Башкы дарыгер Гүлнара Жанабилованын айтымында, медициналык кызматкерлер толугу менен ишке чыкты. Бейтап менен чатак чыккан дарыгер иштен кетирилген жок.   Эки тарап жарашты. Эске салсак, буга чейин Интернетке видео тараган. Анда баласын көтөргөн аял дарыгердин жазып берген… Кененирээк…

Англияда 6 жыл бою ири суммадагы акча таштап кетип жаткан адам аныкталды

Англияда 6 жыл бою ири суммадагы акча таштап кетип жаткан адам аныкталды. 2,5 миң долларга тете каражат дайыма көз көрүнө жерге калтырылып келчү. 2014-жылдан бери 12 учур катталган.   Жергиликтүү тургундар акчаны полицияга өткөрүшкөнү менен, мыйзам боюнча, ээси табылбагандыктан, сумма толугу менен аларга кайтарылган. Берешен… Кененирээк…