Англияда 6 жыл бою ири суммадагы акча таштап кетип жаткан адам аныкталды

Англияда 6 жыл бою ири суммадагы акча таштап кетип жаткан адам аныкталды. 2,5 миң долларга тете каражат дайыма көз көрүнө жерге калтырылып келчү. 2014-жылдан бери 12 учур катталган.

 

Жергиликтүү тургундар акчаны полицияга өткөрүшкөнү менен, мыйзам боюнча, ээси табылбагандыктан, сумма толугу менен аларга кайтарылган. Берешен адам аныкталды, бирок ал аты-жөнүн жашыруун сактоону суранды.