Кыргызстандын дагы төрт ооруканасында акысыз гемодиализ кызматы киргизилди

Кыргызстандын дагы төрт ооруканасында акысыз гемодиализ кызматы киргизилди. Препаратка болгон чыгашаларды Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жабат. Кеп, Нарын, Талас, Каракол жана Балыкчы шаарларынын ооруканалары тууралуу болуп жатат.   Бул жерде бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркап келгендер гемодиализ кызматтарын акысыз ала алат. Белгилеп кетсек, ушул жылдын 1-январына… Кененирээк…

Кыргызстанга болгон акчалай которуулар кескин түрдө азайды

Кыргызстанга болгон акчалай которуулар кескин түрдө азайды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, өткөн жылдын январь айынан ноябрына чейин республикага 2 миллиард 192 миллион доллар которулду.   2018-жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, бул 287 миллион долларга аз. Мурдагыдай эле, Кыргызстанга каражаттын басымдуу бөлүгү Россиядан которулат, экинчи… Кененирээк…

Кыргызстанда бүгүнтөн тарта визалардын жаңы түрү киргизилди

Кыргызстанда бүгүнтөн тарта визалардын жаңы түрү киргизилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлайт. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев виза берүүнүн жаңы нускамасына кол койду.   Документке ылайык, кыргыз улутундагыларга “Туугандык виза”, “Мекен виза” жана “Мейман виза” деген жаңы визалар бериле баштайт. Өкмөт мындай жол менен Кыргызстанга келе… Кененирээк…

Кыргызстандык жеңил атлетчилер эл аралык мелдештерден 4 медаль менен кайтышты

Кыргызстандык жеңил атлетчилер эл аралык мелдештерден 4 медаль менен кайтышты. Тегеран шаарында жеңил атлетика боюнча Ирандын ачык чемпионатында Гүлшанай Сатарова 1,5 миң метр аралыкта чуркоо боюнча күмүш, ал эми 3 миң метрге жарышууда алтын медаль утту.   Ева Кадырова 60 метр аралыкка жарышууда үчүнчү болуп… Кененирээк…

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ишкерлерди каржылоо суммасын 150 миллион долларга чейин жеткирүү ниетинде

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ишкерлерди каржылоо суммасын 150 миллион долларга чейин жеткирүү ниетинде. Бул тууралуу фонддун башкаруучулугунун төрагасы Эркин Асрандиев билдирди.   Маалыматка ылайык, банктардын бирине узак мөөнөттүү насыяга деп 15 миллион доллар берилет. Ошондой эле долбоорлорду каржылоого башка банктар аркылуу 90 миллион доллар бөлүнөт. Артыкчылык… Кененирээк…

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрүү түйүнүндө унаалардын узун кезеги жаралууда

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрүү түйүнүндө унаалардын узун кезеги жаралууда. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, жүктүн документтерин күтүп Бишкек-Торугарт жолун бойлой 130дай унаа токтоп турат.   Ал эми “Ак-Тилек” бекетинин өзүндө Казакстанга өтүш үчүн 12 жүк ташуучу машине кезек күтүп турат. Ведомстводон белгилешкендей, Казакстандын Киреше… Кененирээк…

Атамбаевдин тергөө абагындагы мөөнөтү узартылды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тергөө абагындагы мөөнөтү 15-мартка чейин узартылды. Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев билдирди. Жактоочунун айтымында, бүгүн, 14-январда, УКМКнын тергөө абагында кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча Биринчи май райондук соттун көчмө жыйыны болду.   “Биз сотко Жазык-процессуалдык кодексинин беренелерине ылайык, ишмердүүлүгүн… Кененирээк…