Бишкектеги окуучунун энеси менен мугалимдин ортосундагы чыр боюнча иш Ленин райондук сотуна өттү

Бишкектеги окуучунун энеси менен мугалимдин ортосундагы чыр боюнча иш Ленин райондук сотуна өттү.

Буга чейин мектеп-гимназиянын окуучусунун энеси менен мугалимдин ортосунда чатак чыккан.

Педагогдун айтымында, окуучу кабинеттен чыгууга суранганда мугалим аны алагды

кылып жаткандыгын айтып, сабактын аягына чейин күтүп турууну айткан.

Андан кийин кыздын энеси келип, аны күч менен класстан сүйрөп чыгып,

директордун кабинетине алып барган.

17-декабрда мугалим милицияга жаранга карата чара көрүү боюнча арыз жазган.