Бишкек мэриясы быйыл 500 автобус сатып алуу ниетинде

Бишкек мэриясы быйыл 500 автобус сатып алуу ниетинде. Бул максатта жакынкы арада тендер жарыяланат. Бишкек жүргүнчү автотранспорттук ишканасынын директору Нурлан Койчубаковдун айтымында, учурга карата коомдук транспортту жеткирүүгө түркиялык, россиялык жана казакстандык компаниялар кызыктар.   Автобустар лизингге алынышы күтүлөт. Алар өзүн акташы үчүн, жол кире тарифтерин… Кененирээк…

Шыкмаматовун ордуна келген Нурбек Сыдыгалиев парламентте ант берди

Жакында эле Жогорку Кеңештен мандат алган Нурбек Сыдыгалиев ант берди. Ал «Ата Мекен» партиясынын тизмеси менен Алмамбет Шыкмаматовдун ордуна келди.   Эске салсак, «Ата Мекен» фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов партия лидери Өмүрбек Текебаев менен жаралган пикир келишпестиктен улам партиядан кеткенин айтып, мандатын тапшырган. Андан… Кененирээк…

Монголия президенти Халтмаагийн Баттулга пенсионерлердин насыяларын жаап берди

Монголия президенти Халтмаагийн Баттулга пенсионерлердин насыяларын жаап берди. Жаңы жылдык куттуктоосунда өлкө башчы мамлекет бардык пенсионерлердин карызын жабуу чечимин кабыл алганын жарыялаган.   “Кредиттик амнистияга” 200 миңдей жаран кирип, алардын жалпысынан 299 миллион доллар карызы жабылат. Баттулга Монголия банктарына мындан кийин пенсионелерге насыя бербөө тапшырмасын… Кененирээк…

Carcheck сервисин айдоочулар 3 айда эле 1 миллион 275 миң жолу пайдаланышты

Carcheck сервисин айдоочулар 3 айда эле 1 миллион 275 миң жолу пайдаланышты. Мамлекеттик каттоо кызматынан эске салышкандай, Carcheck унаа күрөөдө турган-турбаганын, жол эрежесинин бузулушу боюнча айыптардын суммасын, мурдагы ээлери тууралуу жана айрым учурда техникалык мүнөздөмөлөрү тууралуу маалымат берет.   Сервис жумушчу долбоор менен өтүп кеткен жылдын… Кененирээк…

1 миңге жакын бөбөк мамлекеттик программанын алкагында жеке бала бакчаларга бара алат

1 миңге жакын бөбөк мамлекеттик программанын алкагында жеке бала бакчаларга бара алат. novosti.kgге Билим берүү министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, долбоор Бишкекте өтүп кеткен жылдан бери иштеп жатат.   Бала бакча кызматынын акысынын жарымын үй-бүлө өзү төлөсө, жарымын мамлекет каржылап берет. Мындай шарт менен мектепке чейинки… Кененирээк…

Бишкек мэриясы жаңы автобус жана троллейбустарды сатып алуунун варианттарын караштырууда

Бишкек мэриясы жаңы автобус жана троллейбустарды сатып алуунун варианттарын караштырууда.   Вице-мэр Азизбек Алымкулов билдиргендей, учурда 4 вариант каралууда – 15 жылга лизинг, Евразиялык өнүктүрүү жана кайра калыбына келтирүү  банкынан насыя алуу, Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду менен иштешүү жана жергиликтүү бюджеттен акча бөлүп, накталай сатып алуу.… Кененирээк…

Кыргызстандын магистралдары кыймылга ачык

Кыргызстандын магистралдары кыймылга ачык. Бизге Унаа жана жолдор министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, эл аралык маанидеги жана ички жолдордо аба-ырайына байланыштуу чектөөлөр киргизилген жок.   Бишкек-Ош трассасында жолчулар иштеп жатат, инертүү материалдар себилүүдө. Иштер ошондой эле, Талас-Тараз-Суусамыр, Бишкек-Нарын-Торугарт жолдорунда жүрүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын топтору кооптуу… Кененирээк…

Будапешт шаарында социалдык тармактардагы лайктар үчүн мейманкана ачылды

Будапешт шаарында социалдык тармактардагы лайктар үчүн мейманкана ачылды. Анда шаарга кооз көрүнүштөр жок болгону менен, сүрөттөргө ылайыкталган мыкты аймактар түзүлгөн. Алсак, кире бериште конокторду Аладдин жомогундагы учкан килем тосуп алат.   Ар бир бөлмөдө белгилүү сүрөтчүлөрдүн өзгөртүлгөн картиналары илинип турат. Мейманкананын дизайнери моюндагандай, долбоорду иштеп… Кененирээк…

Нарын облусунун трассаларында муз тоңду

Нарын облусунун трассаларында муз тоңду. Аймактын ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, кеп Кубакы, Кызарт, Долон жана Кызыл-Бел ашуулары аркылуу өтүүчү жолдор тууралуу болуп жатат.   Жол кызматтары инерттүү материалдарды сээп жатат, бирок ошого карабай, айдоочуларга этият болуу жана ылдамдыкты жогорулатпоо сунушталат.

Ордо калаада быйыл автоматташтырылган акылуу парковкалар ишке кирет

Ордо калаада быйыл автоматташтырылган акылуу парковкалар ишке кирет. Мэриянын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө шаар аймактарга бөлүнгөн, биринчисинде унаа токтотуу акысы саатына 40 сомду түзсө, экинчисинде 20 сом. Система ишке кирген соң, биринчи аймактагы тариф 10 сомго төмөндөсө, экинчисинде 5 сом болот.   Биринчи аймакка Айтматов,… Кененирээк…