Улуттук статистика комитети калкты жана турак-жай фондун каттоого даярданууда

Улуттук статистика комитети калкты жана турак-жай фондун каттоого даярданууда. Ведомство эскертет – жарандарды каттоого алуу 23-марттан 1-апрелге чейин өтөт. Бул жолку процедуранын өзгөчөлүгү анын электрондук форматта өтүшүндө.

 

Операторлордун телефонуна атайын тиркеме жүктөлөт. Ал убакытты үнөмдөп, маалыматты тез арада иштеп чыгууга жардам берет.