Кыргызстандын дагы төрт ооруканасында акысыз гемодиализ кызматы киргизилди

Кыргызстандын дагы төрт ооруканасында акысыз гемодиализ кызматы киргизилди. Препаратка болгон чыгашаларды Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жабат. Кеп, Нарын, Талас, Каракол жана Балыкчы шаарларынын ооруканалары тууралуу болуп жатат.

 

Бул жерде бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркап келгендер гемодиализ кызматтарын акысыз ала алат. Белгилеп кетсек, ушул жылдын 1-январына карата акысыз гемодиализ алгандардын саны өлкөдө 1 миң 234 адамды түздү.