Кыргызстанда бүгүнтөн тарта визалардын жаңы түрү киргизилди

Кыргызстанда бүгүнтөн тарта визалардын жаңы түрү киргизилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлайт. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев виза берүүнүн жаңы нускамасына кол койду.

 

Документке ылайык, кыргыз улутундагыларга “Туугандык виза”, “Мекен виза” жана “Мейман виза” деген жаңы визалар бериле баштайт. Өкмөт мындай жол менен Кыргызстанга келе турган туристтерди көбөйтүүнү максат кылууда.