Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ишкерлерди каржылоо суммасын 150 миллион долларга чейин жеткирүү ниетинде

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ишкерлерди каржылоо суммасын 150 миллион долларга чейин жеткирүү ниетинде. Бул тууралуу фонддун башкаруучулугунун төрагасы Эркин Асрандиев билдирди.

 

Маалыматка ылайык, банктардын бирине узак мөөнөттүү насыяга деп 15 миллион доллар берилет. Ошондой эле долбоорлорду каржылоого башка банктар аркылуу 90 миллион доллар бөлүнөт. Артыкчылык айыл-чарба тармагын өнүктүрүүгө берилет.