Кыргызстандык жеңил атлетчилер эл аралык мелдештерден 4 медаль менен кайтышты. Тегеран шаарында жеңил атлетика боюнча Ирандын ачык чемпионатында Гүлшанай Сатарова 1,5 миң метр аралыкта чуркоо боюнча күмүш, ал эми 3 миң метрге жарышууда алтын медаль утту.
Ева Кадырова 60 метр аралыкка жарышууда үчүнчү болуп коло байге тагынды. Дагы бир коло медалды Нурсултан Кеңешбеков 3 миң метр аралыкка жарышууда алып келди.