Кыргызстанга болгон акчалай которуулар кескин түрдө азайды

Кыргызстанга болгон акчалай которуулар кескин түрдө азайды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, өткөн жылдын январь айынан ноябрына чейин республикага 2 миллиард 192 миллион доллар которулду.

 

2018-жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, бул 287 миллион долларга аз. Мурдагыдай эле, Кыргызстанга каражаттын басымдуу бөлүгү Россиядан которулат, экинчи орунда АКШ турат, андан кийин Казакстан.