Италиялык «Versace» мода үйү эми кенгурунун терисин колдонбойт

Италиялык «Versace» мода үйү эми кийим жана бут кийим чыгарууда кенгурунун терисин колдонбойт. Кенгурунун терисин колдонуудан баш тартуу Австралиядагы масштабдуу өрт менен түздөн-түз байланыштуу эместиги, мындай чечимге италиялык жаныбарларды коргоочулар тарабынан болгон кысым түрткү болгондугу айтылган. Буга чейин Австралияда былтыркы жылдын сентябрында башталган масштабдуу тилсиз… Кененирээк…

Кыргызстан — Мьянма футбол беттешинде оюн талаасына чуркап чыккан күйөрмандын иши сотко өткөрүлөт.

Кыргызстан — Мьянма футбол беттешинде оюн талаасына чуркап чыккан күйөрмандын иши сотко өткөрүлөт. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 30 жаштагы жарандын иши Жоруктар жөнүндө кодексте “майда бейбаштык” боюнча каралууда. Ага акчалай түрдө айып салынышы мүмкүн. Эске… Кененирээк…

Калкты электрондук каттоо үчүн 54 миллион сомго планшеттер сатылып алынат

Калкты электрондук каттоо үчүн 54 миллион сомго планшеттер сатылып алынат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Өлкө аймагында калкты жана турак жай фондун каттоо ушул жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин жүргүзүлөт. Эл каттоо 10 жылда бир жолу болуучу республикалык деңгээлдеги иш-чара. Улуттук статистика комитети бул ишти «Инфокомдун» жардамы менен ишке… Кененирээк…

Өлкө боюнча курч респиратордук вирустук абал туруктуу

Өлкө боюнча курч респиратордук вирустук инфекция боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен novosti.kg ге билдиришти. Билдирүүгө караганда, өткөн айга салыштырмалуу ооругандардын саны азайганы байкалууда. Ошондой эле сыркоологон адамдар эл арасында жүрүүдөн алыс болуп, дарыгерге кайрылышы керек, — дешти ведомстводон.

Нарындагы индустриялык-соода-логистикалык борбордун курулушу жазында башталат

  Нарындагы индустриялык-соода-логистикалык борбордун курулушу жазында башталат. Бул тууралуу «Ат-Башы» кыргыз-кытай эркин соода ишканасынын жетекчиси Эмилбек Абдыкадыров билдирди. Анын айтымында, жогорку технологиялык 10го жакын завод-фабрикаларды салуу пландалууда. Апрелде кар кетери менен курулуштун биринчи этабы башталат. Анда 5 миң чарчы метрлик жерге сегиз кабаттуу имарат салынат.… Кененирээк…

Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы электрондук сервис иштеп чыкты

Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы электрондук сервис иштеп чыкты. Эми унааны каттоо жана кайра каттоо кызматын онлайн-калькулятор менен эсептеп алса болот.   Жаңычылдык Мамлекеттик каттоо кызматынын бардык порталында жеткиликтүү. Ведомстводон эске салышкандай, январдан тартып унааны каттоодо жаңы тарифтер киргизилди.

Кыргызстанда ноябрдын аягына карата орточо айлык  16 миң 586 сомду түздү

Кыргызстанда ноябрдын аягына карата орточо айлык  16 миң 586 сомду түздү. 2018-жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, бул 5,3 пайызга көп, — деп билдирди Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов. Анын айтымында, маянанын көбөйүшү экономикалык ишканалардын бардыгында байкалууда.   Алсак, курулуш тармагынын кызматкерлеринин айлыгы 12… Кененирээк…

Аба-ырайынын шарттарына байланыштуу айдоочуларга этият болуу сунушталат

Аба-ырайынын шарттарына байланыштуу айдоочуларга этият болуу сунушталат. Синоптиктер буга чейин билдиришкендей, бүгүн кечкиге чейин кар жаайт. Андан улам, жолдор тайгалак болуп, көрүү начарлайт.   Айдоочуларга ылдамдыкты жогорулатпай, жол белгилерине баш ийип жүрүү сунушталат. Ал эми жөө жүрүүчүлөр кырсыктарды алдын алуу үчүн жолду тиешелүү тилкелерден гана… Кененирээк…

Кыргызстанда суроо-талапка ээ болгон кесиптер аталды

Кыргызстанда суроо-талапка ээ болгон кесиптер аталды. Социалдык өнүгүү министринин орун басары Камалдин Токтосартовдун айтымында, учурда чач тарачтар, бухгалтерлер, программисттер, IT-технологдор, тигүүчүлөр, ашпозчулар, кеңсе менеджерлери, электриктер жана айдоочулар дайым жумуш таба алышат.   Токтосартов белгилегендей, быйыл жогорку окуу жайларда дал ушул кесиптерге басым жасалат.

Россиянын Красноярск шаарында Борбор Азиядан мыйзамсыз келген мигранттарга жасалма паспорт берип келген фирма аныкталды

Россиянын Красноярск шаарында Борбор Азиядан мыйзамсыз келген мигранттарга жасалма паспорт берип келген фирма аныкталды. “ВБнын” маалыматына ылайык, кармалгандарды тинтүүдө Кыргызстандын 10 жасалма паспорту табылды.   Андан тышкары, башка өлкөлөрдүн жүздөй документтери жана жасалма мөөрлөр дагы болгон. Фирманын жетекчилерине карата кылмыш иши козголду. Эгер сот аларды… Кененирээк…