Кыргызстанда суроо-талапка ээ болгон кесиптер аталды. Социалдык өнүгүү министринин орун басары Камалдин Токтосартовдун айтымында, учурда чач тарачтар, бухгалтерлер, программисттер, IT-технологдор, тигүүчүлөр, ашпозчулар, кеңсе менеджерлери, электриктер жана айдоочулар дайым жумуш таба алышат.
Токтосартов белгилегендей, быйыл жогорку окуу жайларда дал ушул кесиптерге басым жасалат.