Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы электрондук сервис иштеп чыкты

Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы электрондук сервис иштеп чыкты. Эми унааны каттоо жана кайра каттоо кызматын онлайн-калькулятор менен эсептеп алса болот.

 

Жаңычылдык Мамлекеттик каттоо кызматынын бардык порталында жеткиликтүү. Ведомстводон эске салышкандай, январдан тартып унааны каттоодо жаңы тарифтер киргизилди.