Нарындагы индустриялык-соода-логистикалык борбордун курулушу жазында башталат.
Бул тууралуу «Ат-Башы» кыргыз-кытай эркин соода ишканасынын жетекчиси
Эмилбек Абдыкадыров билдирди. Анын айтымында, жогорку технологиялык 10го жакын
завод-фабрикаларды салуу пландалууда. Апрелде кар кетери менен
курулуштун биринчи этабы башталат. Анда 5 миң чарчы метрлик жерге
сегиз кабаттуу имарат салынат. Курулуштун биринчи этабына
Ат-Башынын 1 миңге жакын тургуну тартылат. Логистикалык борбор толугу менен
сегиз жылда салынып бүтушү күтүлүдө, — деди Абдыкадыров.