Кыргызстанда ноябрдын аягына карата орточо айлык  16 миң 586 сомду түздү

Кыргызстанда ноябрдын аягына карата орточо айлык  16 миң 586 сомду түздү. 2018-жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, бул 5,3 пайызга көп, — деп билдирди Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов. Анын айтымында, маянанын көбөйүшү экономикалык ишканалардын бардыгында байкалууда.

 

Алсак, курулуш тармагынын кызматкерлеринин айлыгы 12 пайызга, тоо кен казуу тармагында 10 пайызга өстү, — деди Султанов.