Австралия өрттөн кийин калыбына келүүсү үчүн 100 жыл талап кылынат

Австралия өрттөн кийин калыбына келүүсү үчүн 100 жыл талап кылынат. НАСА билдиргендей, жалындан чыккан түтүн жер шарын жок дегенде бир жолу айланып чыгат. Бул дүйнө жүзү боюнча атмосферага зыянын тийгизет.   Тилсиз жоо Австралияда 10 миллиондон ашык гектар токойду жок кылды. 2 миңден ашуун үйлөр… Кененирээк…

Панфилов районунун Кайыңды шаарчасында жаңы стадион колдонууга берилди

Панфилов районунун Кайыңды шаарчасында жаңы стадион колдонууга берилди. “Турмуш” өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө шилтеме келтирип билдиргендей, спорт аянчасынын узундугу 107 метр болсо, кеңдиги 68 метрге жетип, 510 адамга эсептелет.   Курулуш иштерге жалпысынан  16 миллион сом бөлүнгөн.

Бишкектеги Түштүк магистраль Сокулук районуна чейин жеткирилет

Бишкектеги Түштүк магистраль Сокулук районуна чейин жеткирилет. Бул тууралуу капиталдык курулуш башкармалыгынын начальнигинин милдетин убактылуу аткаруучу Улан Уезбаев билдирди.   Анын айтымында,  бул ордо калаадагы айланып өтүүчү трасса болот. Аны колдонууга берүү менен, шаардын борбордук бөлүгүн унаалардан бошотуу пландалууда. Учурда жумуштарды аткаруучу компанияны аныктоо үчүн… Кененирээк…

Ош облусунда табият кырсыгынан 5 миң турак-жай корголду

Ош облусунда табият кырсыгынан 5 миң турак-жай корголду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, куткаруучулар жыл сайын калк жашаган түйүндөрдү жана айдоо талааларын жаратылыш кырсыктарынан коргоо бонча иш алып барат.   Учурда алдын-алуу жумуштары 122 объектиде жүрүүдө.

Бишкекте көчө жарыгын жаңыртуу иштери уланууда

Бишкекте көчө жарыгын жаңыртуу иштери уланууда. “Бишкексвет” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Төрөкул Айтматов, Репин, Ат-Башы көчөлөрүнө, 7-жана 10-кичи райондорго жарык диоддук чырактарды орнотту.   Ошондой эле, 7-апрель-Ахунбаев көчө кесилишинде шам чырактар алмаштырылды.

Москва Мамлекеттик университетинин бөлүмү Ошто ушул жылы ачылат

Москва Мамлекеттик университетинин бөлүмү Ошто ушул жылы ачылат. Бул тууралуу аталган окуу жайдын ректору Виктор Садовничий билдирди. Анын айтымында, алгачкы этапта филиарда 3 факультет ачуу пландалууда – математикалык, геологиялык жана орус филологиясы боюнча.   Аларга 60тан 90го чейин абитуриентти кабыл алуу пландаоып жатат. Кийинчирээк студенттердин… Кененирээк…

Бишкек мэриясы коомдук транспортту электрондук билеттештирүү системасына толук кандуу өткөрүүгө даярданууда

Бишкек мэриясы коомдук транспортту электрондук билеттештирүү системасына толук кандуу өткөрүүгө даярданууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда тесттик режим жүрүп жатат.   Анын алкагында валидаторлор жана “Тулпар” карталары текшерилүүдө. Ошондой эле автобус, троллейбустардын айдоочулары атайын окутуудан өтүп жатат. Ордо калаа бийлигинен белгилешкендей, электрондук карталарды алган жарандар катачылыктар тууралуу… Кененирээк…

Кыргызстан Тажикстан менен чек ара тилкелерин алмашуу суроосун караштырып баштады

Кыргызстан Тажикстан менен чек ара тилкелерин алмашуу суроосун караштырып баштады. Жумушчу топторго Баткен районунун Исфана шаары менен ортосундагы аралыгында алмашууга ылайыктуу варианттарды 1-мартка чейин тактоо тапшырмасы берилди.   Белгилеп кетсек, жер алмашуу кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки тараптуу жолугушуунун алкагында жетишилген протоколдо белгиленген. Сүйлөшүүлөрдү өткөрүү… Кененирээк…

Бишкек жана Чүй облусунун айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкек жана Чүй облусунун айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин жарык Тыныстанов, Мичурин, Панфилов, Фатьянов, Кулатов, Ибраимов көчөлөрүндө, Арча-Бешик, Аламүдүн-1 кичи районунда жана Шопоков, Беловодское, Военно-Антоновка айылдарында жок болот. Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды түрттүрүү уланууда

Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды түрттүрүү уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, бул ирет жер колдонуу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери 4-кичи райондогу сулуулук салонунун курулушун алышты.   Ал тиешелүү документтери жок эле тургузулганы аныкталды. Андан тышкары, Абдрахманов-Киев көчөлөр кесилишинде тосмо алынды. Бул жатта ишштер дагы уланат, — дешти мэриядан.