Бишкекте жасалма акча сатууга шектелген жаран кармалды

Бишкекте жасалма акча сатууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, 27 жаштагы жаран жасалма 10 миң 500 еврону сатуу учурунда колго түштү. Аталган мыйзам бузуу жеке акча алмаштыруучу жайдын кассири менен биргеликте ишке ашкан. Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына… Кененирээк…

“Оскарды” тапшыруу аземи биринчи ирет алып баруучусуз өттү

“Оскарды” тапшыруу аземи биринчи ирет алып баруучусуз өттү. Бул жолку салтанатты уюштурууга 44 миллион доллар сарпталды. Анын бир бөлүгү кооздоо үчүн Сваровски таштарын алууга жумшалган. АКШ кино академиясы наамды тапшыруу аземин Лос-Анджелестеги «Долби» театрында дүйнөлүк кино жылдыздардын катышуусунда өткөрдү. Белгилеп кетсек, “Оскар” сыйлыгы ушуну менен… Кененирээк…

Футзал боюнча Кыргызстандын курамасы дүйнөлүк рейтингде 43-орунга көтөрүлдү

Футзал боюнча Кыргызстандын курамасы дүйнөлүк рейтингде 43-орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу Футбол федерациясынан кабарлашты. Маалыматка караганда, жаңыланган рейтинг жарыяланып курама команда 1 миң 67 упайы менен 43-орунга жайгашты. Эске салсак, былтыр улуттук курама бир сап төмөн болчу. Ал эми Азия футбол конфедерациясында Кыргызстан тизменин 8-сабында жайгашты.

Түп районундагы 60 орундуу бала бакча оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат

Түп районунун Жылуу-Булак айылындагы 60 орундуу бала бакча оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Чоң-Таш айыл аймагынын башчысы Сейитбек Абдылдаевдин айтымында, курулуш иштерине 3 миллион сомго жакын каражат бөлүндү. 2016-жылы имараттын 2 корпусу ашар жолу менен салынганына байланыштуу кышкысын муздак болуп, жылуулук берүү системасын пайдаланууга мүмкүн болбой келген.… Кененирээк…

Ат-Башы районундагы логистикалык борбор жети жылда курулуп бүтөт

Ат-Башы районундагы логистикалык борбор жети жылда курулуп бүтөт. Инвестиция тартуу агенттигинин өкүлү Жалын Жээналиевдин айтымында, учурда борбордун техникалык долбоору түзүлүүдө. Инвестициялык келишимге кол коюула элек. Анда баардык талаптар көрсөтүлөт. Эгер инвестор талаптарды аткарбаса келишим жокко чыгарылмакчы. Талаш маселелер Кыргызстандын мыйзамдары менен жөнгө салынат. Ал эми… Кененирээк…

Ала-Бука жана Жаңы-Базар унаа жолуна кар көчкү түштү

Ала-Бука жана Жаңы-Базар унаа жолуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин бөлүм башчысы Султанбек Белеков novosti.kg ге билдирет. Анын айтымында, бүгүн аталган тилкелерге 900 куб метр кар массасы түштү. Нөөмөттөгү жолчулар тазалоо иштерин дароо жүргүзүшүп, жол кыймылына чектөө киргизилген жок. Эске салсак, 13-февралга чейин Бишкек-Ош,… Кененирээк…

Унаа жана жолдор министринин орун басары Жеңишбек Ногойбаев эки айга камакка алынды

Унаа жана жолдор министринин орун басары Жеңишбек Ногойбаев эки айга камакка алынды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту чыгарды.   Тергөө маалында ошондой эле Унаа транспорту мамлекеттик агенттигинин башчысы Анарбек Бекмуратов болот. Эске салсак, чиновниктер 7-февралда колго түштү. Алар УКМК кызматкерлерине мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрүнө карата… Кененирээк…

Кыргызстанда “Санарип мектеп” долбоору ишке киргизилет

Кыргызстанда “Санарип мектеп” долбоору ишке киргизилет. Билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүров билдиргендей, бул максатта 10 мектеп тандалып алынды. Жумушчу долбоордун алкагында аларга окуучулар чип же атайын карта аркылуу гана киришет.   Ата-энелерге балдары окуу жайга канчада кирип, канчада чыккандыгы жана ашканадан эмне сатып… Кененирээк…

Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди

Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди. Бизге Унаа жана жолдор министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, Токтогул районунун аймагында 25-30 сантиметр кар түштү. Учурда Ала-Бел ашуусунда,  Чычкан капчыгайында карды тазалоо иштери жүрүп жатат.   Тыгындардын алдын алуу максатында таңкы саат 7ден тарта  Бишкек-Ош трассасынын  272-чакырымындагы «Чычкан»… Кененирээк…

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп Азиз Аалиев дайындалды

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп Азиз Аалиев дайындалды. Тиешелүү жарлыкка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Буга чейин Аалиев өкмөт аппаратында иштеп, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкаруу мүчөсү болчу.   Фонддун буга чейинки төрагасы Эркин Асрандиев вице-премьер-министр болуп дайындалды.